08:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Украинадагы конфликт. Күндүн маанилүү маалыматтары

Украинада аскердик аракеттер уланууда. Россиянын атайын операциясы 2022-жылдын 24-февралында башталган. Күн өткөн сайын өмүрү кыйылган аскерлер менен бирге жай тургундардын саны өсүүдө. Бир катар өлкөлөр Россияга каршы санкцияларды киргизди.

24.kg кырдаалга көз салууну улантууда. Биз Украинага байланыштуу 4-августка карата эң актуалдуу маалыматтарды топтодук.

Аскердик аракеттер*

Россиянын Коргоо министрлигинин брифинги:

  • Россиялык аскерлер Винниц облусундагы Вороновица калктуу пунктунун жанында жайгашкан Украинанын аба күчтөрүнүн командалык пунктун ракеталар менен жок кылды.
  • Черкесс облусунун Умани райыоуна жасалган чабуулдан улам РФ аскерлери HIMARS системасынын 300дөн ашуун реактивдүү ок-дарыларын жана америкалык М777 гаубицасынын ок-дарыларын жок кылды.
  • Украинанын Аскер күчтөрүнүн 14-механикалаштырылган бригадасынын батальонунда кызмат өтөгөн 340 аскер каза болуп, жаракат алды, аклгандары өз ыктыяры менен кетип калды.
  • ДНРде эки артиллериялык батарея жана америкалык М77А2 гаубицалары жок кылынды.
  • Россиялык аскерлер МиГ-29 учагын, үч пилотсуз учагын атып түшүрүп, HIMARSтын 17 ок-дарысын ээлеп алды.
  • Төрт жуманын ичичнде РФ аскерлеринин күчү менен ЛНР менен ДНРдеги «жалданма» аскерлердин саны 2741ден 2192ге чейин азайды.
  • 8-июлдан 5-августка чейин россиялык аскерлер 335 «чет өлкөлүк жалданма аскерлерин» жок кылды, алардын ичинде Польша, Канада, Румыния менен АКШлык аскерлер бар эле. Дагы 389 аскер Украинадан чыгып кетти.

Украина Аскер күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматы:

  • Слобожанск багытында россиялык аскерлер чек араны сактап калуу максатында салгылашууларды улантууда.
  • Бахмутск багытында РФ аскерлери Ивано-Дарьевка, Веселое, Зайцево, Яковловка жана Бахмут калктуу пунктарында чалгындоо жүргүзүу үчүн салгылашуу аракетин жасашты.
  • Авдеев багытында Россия аскерлери Красногоровка жана Авдеевканын жанында ийгиликсиз салгылашуу аракетин жасады.
  • Новопавловск жана Запорожск багытында Украина аскерлери Великая Новоселки жана Времьевка аймагындагы чалгынчылар тобун «зыянсыздандырды».

Шаарларды аткылоо

— Сутка ичинде украиналык аскерлер ДНРди 81 жолу аткылады, 420 ок дары чыгарды, деп билдирет ДНР өкүлчүлүгү. Натыйжада Донецк, Макеевка, Горловка жана башка калктуу пункттарда 45 үй жана үч жарандык инфраструктура объектилери жабыркады.

— Украина бийлигинин берген маалыматына ылайык, тунү менен Харьков жана Никополь аткыланды. Облусттун борборунда трамвай жалдору жана электр тирегичтери бузулду. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Никополдо бир нече үй жана үч ишкана талкаланды. Кызматкерлердин бири жаракат алды.

Британ чалгынчыларынын баяндамасынан:

  • Дем алыш күндөрү Россия Украинанын түштүгүндөгү күчтөрүн бекемдеди. Ошого карабастан, россиялык аскерлер Донец облусунагы украиналык аскерлерине жасаган чауулдарын токтоткон жок.
  • Акыркы айда Россия үчн Бахмут багытына жасаган чабуулдары ийгиликтүү болду , бирок россиялык аскерлер ал багытта 10 чакырымга гана алдыга жыла алды.
  • Ошол 30 күндүн ичинде россиялык аскерлер Донбасстын ичинде 3 чакырымга гана алдыга жыла алды, бул пландалгандан алда канча аз.
  • Ал аймактарла артиллерия коп колдонгонуна карабастан, Россия салгылашууга жарамдуу жөо аскерлерин топтой алган жок.

*Аскердик абалда жана маалыматтык согуш учурунда эки тараптын тең маалыматын ырастоо же жокко чыгаруу татаал.

Украинага аскердик жардам

— АКШ Украинага кезектеги, $1 миллиарддык 18чи аскердик жардамын жактырды. Киев HIMARS системасынын ок-дарыларын, артиллерия куралдарын, танкка каршы Javelin жана AT4 ок-дарыларын, миномет, брондолгон тез жардам унааларын, медициналык шаймандарын алат.

Жо Байден АКШ президенти болуп шайлангандан бери Украинага жардам катары $9,8 миллиардга жакын каражат берди, деп айтылат мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин билдирүүсүндө.

— «Вашингтон Украина кагылышынын «отуна май куйуусун» улантууда. Болүнгөн $1 миллиард АКШ аң сезимин укпастан, кагылышуунун тынчтык жолу менен чечилүүсүнө каршы турганын далилдеп турат», — деп жазат РИА Новости Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антоновдун элчиликтин Telegram-каналына жазган сөзүнө шилтеме берип.

Элчинин пикиринде, «АКШ кагылышууга батып, Россия менен тирешүүнүн кооптуу чекитине жакындап келе жатат».

Билдирүүлөр менен алмашуу

«Украинанын башкы маскарапозу «Россиянын бүткүл калкын жоопкерчиликке тартууну» сунуштады. Акыркы жолу ушундай идеяларды Адольф Гитлер ишке ашырууну коздөгөн. Украина бийлигинин табияты тууралуу дагы суроолор барбы?» — деп жазат РФтин Коопсуздук кеңешини төрага орун басары Дмитрий Медведев өзүнүнтелеграм-каналында.

Владимир Зеленский Washington Postко интервью берип жатып, Россиянын баардык жарандарын Батыш олкөлөрүнө киргизүүгө тыюу салууга чакырды. Россиянын баардык жарандары өздөрү тандаган өкмөт үчүн жоопкерчиликтүу деп эсептейт Украинанын башчысы.

Россиялыктардын Украина менен болгон кагылышууга көз караштары

Russian Field социалдык кызматынын маалыматына ылайык, россиялыктардын 65 пайызы президент Владимир путин Украина менен кагылышууну токтотуп, тынчтык келишимине кол коюсун колдоп чыкмак, деп жазат «Коммерсант».

Иликтөөго ылайык, 60 пайызы «Киевге жаңы чабуулду» колдоп чыкты.

Сурамжылоого катышкан мырзалардын үчтөн экиси (62 пайызы) мумкүнчүлүгү болсо, Украинадагы салгылашууга катышууга даяр эмес.

Россиялыктардын 59 пайызы Украинадагы аскердик операция созулуп кеткенин айтышты. 28 пайызы тескери ойлойт. Дагы 30 пайызы согуш бир жылдан ашуун убакытка созулаарын айтышты, ал эми 18 пайызы салгылашуулар бир жылдын ичинде аяктайт деп ойлошот.

Эң көп окулган жаңылыктар