16:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз-Кытай темир жолунун курулушуна кытай адистер менен бирге даярдык башталды

Кыргыз-Кытай темир жолунун курулушуна кытай адистер менен бирге даярдык башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-августта министр Эркинбек Осоев улук инженер Гэнг Джун башында турган Кытайдын темир жол куруу корпорациясы институтунун өкүлдөрү менен жолуккан.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар темир жол куруу тармагында иштер күчөтүүнүн зарылдыгын белгилешти. Атап айтканда, азыркы учурда тараптар «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун үстүнөн активдүү иштеп жатышат.

«Буга чейин темир жолду куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин биргелешип иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргызстандын жетекчилиги долбоорду тез арада ишке ашырууга кызыктар, ошондуктан Транспорт жана коммуникациялар министрлиги долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин мүмкүн болушунча тезирээк иштеп чыгууга бардык күч-аракетин жумшоодо», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Кыргызстанга Кытайдан 80 атайын адис келип, темир жолду курууга даярдык иштери башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби