Кыргызстан быйыл Россиядан шоколад импортун 23 пайызга кыскартты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, Россия Кыргызстандын шоколад менен камсыздоо боюнча эң ири импортеру.
2022-жылдын биринчи 5 айында Кыргызстанга Россиядан 17,4 миллион долларга 5 миң тонна таттуу жеткирилген. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу 23 пайызга аз.