19:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда кумшекердин орточо чекене баасы жыл ичинде 46 пайызга өстү

Улуттук статистика комитети 25-февралга карата кант рыногунда баалардын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-февралына карата абалы боюнча кумшекерге болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 59,93 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 18,87 сомго же 46 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Кумшекердин чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Жалал-Абад (кг үчүн 64,33 сом), Ош (кг үчүн 64,27 сом) жана Исфана (кг үчүн 63,65 сом) шаарларында, ал эми төмөн болуп — Ноокат (кг үчүн 50,00 сом), Ош (кг үчүн 48,53 сом) жана Өзгөн (кг үчүн 46,82 сом) шаарларында түзүлдү.

Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын январь айына салыштырмалуу Жалал-Абад — 14,0 пайызга, Кара-Балта — 12,7 пайызга жана Токтогул шаарларында — 12,1 пайызга өскөнү катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар