15:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда кумшекердин баасы бир жылда 27 пайызга кымбаттады

Кумшекердин баасы өткөн жылдын декабрь айына карата 15 сомго, же 27 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Учурдагы баасы 68,95 сомду түзгдү.

Кумшекердин чекене баалары ушул мезгилде орточо республикалык деңгээлден жогору болуп Кара-Суу (бир кг үчүн 76,48 сом), Ноокат (бир кг үчүн 75,00 сом), Баткен жана Ош (бир кг үчүн 73,72 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Кербен (бир кг үчүн 65,00 сом), Каракол (бир кг үчүн 65,15 сом) жана Токмок (бир кг үчүн 65,39 сом) шаарларында катталды.

Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын өткөн айга салыштырмалуу Кара-Суу — 7,1 пайызга, Балыкчы жана Баткен шаарларында — 4,5 пайызга өскөнү катталды.

.

Эң көп окулган жаңылыктар