USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Эргешов: Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча сөз жок

09:36, 25 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешoв Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча эч кандай сөз жок экенин айтты.

Президенттин облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Эргешев бул тууралуу 21-июлда Ат-Башы районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирген.

«Жетим-Тоо — бул элдин байлыгы. Кенди иштетүү боюнча эч кандай сөз жок», — деди Эргешов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-апрелде «Азаттыкка» курган маегинде Кумтөрдөн түшкөн кирише башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирген.

Жергиликтүү айрым тургундар аталган кенди иштетүүгө каршы чыгып келишет.

Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министр болуп турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика