20:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Нарын облустук ооруканасында бейтаптарды иргөө үчүн атайын чатырлар орнотулат

Нарын облусунда илдетке чалдыккандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, оорукананын сыртында тигилген чатырчаларда бейтаптарды иргөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Нарын облусунун саламаттыкты сактоо боюнча убактылуу координатору Айнура Акматова 24.kg агенттигине маалымдады.

«Нарын шаардык ооруканасынын невропатологиялык, хирургиялык, терапевтик, инфекциялык жана башка баардык бөлүмдөрү бир аймакка жайгаштырылган. Башында биз оорукананы абалга жараша экиге бөлүүнү сунуштаганбыз. Анда, оорукананын кире беришинен эле бейтаптарды текшерип, иргөөгө ыңгайлуу болмок», — дейт Айнура Акматова.

Ал кошумчалагандай, атайын тигилген чатырлардан бейтаптарды коронавирус илдетине чалдыккандар менен байланышы болгон-болбогондугу туурасында сурамжылоо жүрөт. Ошондой эле дене табын текшерип, эпидемиялык суроолор берилет. Эгер коронавируска байланыштуу эч кандай күмөн саноолор болбосо бейтаптар дароо таза бөлүмүнө жөнөтүлөт. Ал эми кандайдыр бир симптомдор аныкталса анализдин жыйынтыгы чыкканча бейтаптар изоляцияга жаткырылат.

«COVID-19 коронавирусуна чалдыккандар ооруканадан вирусту жайылтпашы үчүн колубуздан келген аракеттерди көрүүдөбүз» — дейт ал.

Буга чейин Республикалык штабдын сунушу менен Нарын облустук ооруканасынын директору Айбек Койчуманов жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облустук координатору Муратбек Алияскаров жумуштан бошотулган.

Кыргызстан боюнча COVID-19 коронавирусун жуктургандардын жалпы саны 1 миң 817 адам. Анын ичинен 372си Нарын облусунда катталган. Учурда илдетке чалдыккандардын саны боюнча Бишкектен кийин эле Нарын турат.

Эң көп окулган жаңылыктар