01:01
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Радуга» пансионатындагы мушташ боюнча кылмыш иши козголду

«Радуга» пансионатына таандык көл жээгиндеги мушташуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-берененин негизинде кылмыш иши козголду.

Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө мушташка 11 жарандын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталган, анын ичинен 3 эс алуучу жана пансионаттын коопсуздук кызматынын 8 кызматкери.

Кечээ тергөө кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында мушташтын негизги себепкери 34 жаштагы М.Э. Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мушташтын башка катышуучуларына карата тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Мушташка катышкан адамдардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, окуянын катышуучуларынын бири пансионатта меймандарын кабыл алган. Келген коноктордун бири көл жээгине жакын жерде заара кылып жатканда аны коопсуздук кызматынын кызматкери көрүп калып, эскертүү берген. Ал эскертүүгө көңүл бурган эмес. Натыйжада экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик болуп, ал мушташка айланган.

Кийин облустук милициядан бул иш боюнча 18 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилгенин кабарлаган.

Эң көп окулган жаңылыктар