Жогорку Кеңештин депутат Балбак Түлөбаев Бишкектеги мектептердин директорлорунун мүлкүн текшерүүнү сунуштайт. Бул тууралуу ал бүгүн Facebook баракчасында билдирди.
Депутат ата-энелерди мектептеги коррупцияга каршы күрөшүүгө чакырат.
«Урматтуу мүдүрлөр күзгүгө каранып анан мага кайрылгыла. Баары эмес көбүңөр алдыңарда тепкен кымбат машине, үстүңөрдөгү кымбат үйлөр, чет өлкөдөгү квартираларыңыр кайдан алдыңар. Быйыл эле айлыгыңар көтөрүлдү. 20 жылдан ашык отуруп элдин канын мите курттай сордуңар. Мугалимдер эмес мектеп мүдүрлөрү. Мектепти өз мүлкүңөрдөй ээлик кылдыңар. Уяалбай мектеп ичине керек болсо самсыкана салып алдыңар. Канча ата эне келди пара алды деп. Жазып бергиле десем баласын аяп болбойт. Аз иштеп калдым да силерге жетпей ушуга өкүнөм. Баарыңардын үй мүлкүн текшертиш керек. Баардык ата энелерге кайрылам, кокпогула, жаздырып алып мага жибергиле. Булар менен күрөшүүгө
убакыт келди. Баарын текшеребиз. Ушулардын айынан билим берүү системасы начар абалда», — дейт депутат.

