00:10
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Статком: 2021 жылы калктын миграциялык агымы төмөндөдү

2021-жылы калктын миграциялык агымынын кыйла төмөндөшү байкалган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети маалымдайт.

Өткөн жылы өлкөгө чыгып кеткендерге караганда, келгендердин саны көп болгон.

«2021-жылы республикага туруктуу жашоого 8,2 миң адам келишкен, ал эми 2020-жылы 1,0 миң адам келишкен, 2020-жылы 5,8 миң адам чыгып кетишсе, 2021-жылы 9,0 миң адам чыгып кетишкен. Натыйжада, эгерде 2020-жылы калктын миграциялык агымы −4,8 миң адамды түзсө, 2021-жылы ал −0,8 миң адамды түзүп, 4,0 миң адамга төмөндөдү», — дейт Статком.

2021-жылы туруктуу жашаган жерин өзгөртүү максатында Кыргызстандан чыгып кеткендердин саны  көбөйдү. Мурдагыдай эле, мигранттар үчүн туруктуу жашаган жерин тандоо планында басымдуулук кылган мамлекеттер Орусия (67,4 пайыз) жана Казакстан (26,6 пайыз) саналат.

2021-жылы эмигранттардын көптөгөн этникалык топторунун ичинен бешөөсүнө: орустар — 42,3 пайызы, кыргыздар — 29,1 пайызы, өзбектер — 8,2 пайызы, казактар — 3,0 пайызы жана татарлар — 2,6 пайызы кирди.

Эң көп окулган жаңылыктар