22:58
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Садыр Жапаров: 28-30-апрель — өлкө тарыхындагы эң оор күндөрдүн бири

«28-30-апрель күндөрү, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында эң кайгылуу, эң оор күндөрдүн бири катары элибиздин эсинде сакталып калды», — деп айтылат президент Садыр Жапаровдун өткөн жылы Баткен облусунда болгон окуяга байланыштуу кайрылуусунда.

Өлкө башчысы Кыргызстан чек арадагы кагылышуудан оор жоготууга учураганын белгилейт.

«Каргашалуу күндөрдө кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында орун алган куралдуу кагылышуудан 36 жараныбыз курман болуп, орду толгус оор жоготууларга учурадык. Кырчындай болгон балдарыбыздан, эр жүрөк жоокерлерибизден, Мадинадай мөлтүрөгөн бейкүнөө наристе кызыбыздан ажырадык. 173 жараныбыз ар кандай жаракат алып, азыркы убакка чейин дарыланып келишет. Бирок бул башка түшкөн оор сыноо элибиздин ынтымагын чыңдап, кайратын бүлөдү. Эмгекчил жана меймандос Баткен эли каргашалуу күндөрдө болуп көрбөгөндөй эрдикти, чыдамкайлыкты жана сабырдуулукту көрсөттү», — дейт ал.

Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин эрдигин белгилейт.

«Мамлекеттин бүтүндүгүн, элинин эгемендигин сактайм деп ант берген жоокерлерибиздин, калк башына каран күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган мекендештерибиздин көрсөткөн эрдигин баса белгилеп айтып кетүү менин парзым деп билем. Мекен үчүн, эл үчүн жанын аябаган эр-азаматтарыбыздын каармандыгы өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калмакчы!», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар