13:32
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Жарандарды Z символун колдонбоого чакырды УКМК

Улуттук коопсуздук комитети жарандарды Z белгиси бар аскердик кийимдерди ижарага бербөөгө чакырды. Шаар тургундарын 9-май — Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнүнө карата өтө турган «Өлбөс полк» жүрүшүнө мындай аскердик кийимдерди кийип чыкпоого үндөдү.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы 21-апрелде тараткан билдирүүдө улут аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганы эскертилген.

Маалымат социалдык тармактарда 9-майга карата Z белгиси бар аскердик кийимдердин жарнамалары таратылып, коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткандыгына байланыштуу экени кошумчаланган.

Z жана V тамгалары Украинага басып кирген орусиялык техникаларга тартылган. Кремлчил пропагандачылар аларды «атайын операциянын» символдору деп аташат.

Эң көп окулган жаңылыктар