Мариуполь шаарында орус күчтөрүнүн курчоосунда калган украин аскерлери багынып берүү тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин сунушунан баш тартышты. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль билдирди.
Анын айтымында, «шаар дале болсо кулай элек» жана «украин армиясы Мариуполдун айрым бөлүктөрүн өз көзөмөлүндө кармап турат».
Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлери шаардагы «Азовсталь» заводунда жашырынып турушканын билдирген. РИА «Новости» агенттиги орус күчтөрү чабуул жасап, Украинанын деңиз аскерлеринин 36-бригадасынын командири Владимир Баранюкту жок кылышканын кабарлаган.
Азырынча Киев бул маалымат боюнча эч кандай комментарий бере элек.

