10:49
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Бакыт Төрөбаев Électricité de France француз компаниясынын өкүлдөрү менен жолугу

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Électricité de France компаниясынын Россия жана КМШ мамлекеттериндеги өкүлчүлүгүнүн директору Лоран Паганон жана Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту.

Жолугушууга президент администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов да катышты.

Төрөбаев белгилегендей, энергетика тармагындагы, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу долбоорлоруна катышууга кызыкдар инвесторлордун сунуштарына ачык.

«Бизде 142 млрд киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Биздин артыкчылыктуу багытыбыз — Камбар-Ата-1 ГЭСин, чакан ГЭСтерди, ошондой эле күн жана шамал станцияларын куруу. Биз «жашыл экономика» долбоорлорун өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», — деди Бакыт Төрөбаев.

Алмаз Исанов кошумчалагандай, 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында «жашыл», санариптик жана креативдүү экономикаларды өнүктүрүү боюнча негизги багыттар көрсөтүлгөн. Анын айтымында, министрлер кабинети «жашыл экономика» тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө умтулууда.

Électricité de France өкүлчүлүгүнүн директору Лоран Паганон энергетика тармагындагы долбоорлор боюнча, атап айтканда, ири ГЭСтерди куруу боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары кызматташуу маселелерин иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү чечимине келишти.

Маалымат үчүн: Électricité de France (Электрисите́ де Франс) — француз электр энергетикалык компаниясы.

EDF Европада, Түштүк Америкада, Түндүк Америкада, Азияда, Жакынкы Чыгышта жана Африкада 120+ гигаватт кубаттуулуктагы түрдүү портфелди башкарат. 2009-жылы EDF дүйнөдөгү эң ири электр энергиясын өндүрүүчү катары таанылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума
16-май, бейшемби