Эртең кыргыз-кытай чек арасы жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чек ара кытай тараптын демилгеси менен, Цинмин фестивалына (Көз жумгандарды эскерүү күнү) байланыштуу «Торугарт» жана «Эркечтам» пункттарынан жүк ташуучу жана жеңил унаалар өткөрүлбөйт.
Чек ара пункттары 6-апрелге чейин иштебейт.

