18:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка барган адам 8 жылга кесилди

Сокулук райондук соту жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган адамды 8 жылга соттоду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй облусунун прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандан келген 23 жаштагы М.И. былтыр Ош облусунун Кара-Суу районундагы тандырда иштеп жүрүп, 15ке жаңы чыккан кыз менен жыныстык катнашка барган.

Жигитти өспүрүм менен кыздын энеси тааныштырган экен. 2021-жылдын июль айынын аягында айыпталуучу М.И. өспүрүм кыз жана анын апасы Бишкек шаарына келип, чогуу жашап калышкан. Көп узабай айыпталуучу жашы жете элек менен чогуу Сокулук районунун Селекционное айылына качып кетишип чогуу жашай башташкан. Кыздын 16 жашка чыга электигине карабай айыпталуучу Селекционное айылындагы үйлөрдүн биринин короосундагы тандыркананын ичинде аны менен бир нече жолу жыныстык катнашка барган.

Соттук иштин алкагында дайындалган медициналык экспертиза жабырлануучунун кыздыгы жоктугун, бирок арадан көп убакыт өтүп кеткенине байланыштуу качан бузулганын так аныктай алган эмес.

Ошондой эле дарыгерлер кыз психикалык жактан жабыркабайт, өзүнүн аракеттерин көзөмөлдөй алат, медициналык жардамга муктаж эмес деп аныктама чыгарып беришкен.

23-мартта бул иш Сокулук райондук сотунда каралган. Анда сот иштин материалдары менен таанышып, 23 жаштагы М.И. аттуу адамды күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыратып, жазасын катуу тартиптеги абакта өтөсүн деп өкүм кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар