08:31
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бадахшанда 4 айдан кийин Интернет берилди

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда төрт айдан кийин Интернет кайрадан пайда болду. Бул тууралуу «Озоди» радиосуна Хорог тургундары кабарлашты.

Аймакта Интернет 2021-жылы 25-28-нобярдагы нааразылыктан кийин өчүрүлгөн. Элдин көтөрүлүшүнө жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбековдун атайын операция учурунда өлтүрүлгөнү себеп болгон.

Жашоочулардын айтымында, Интернет пайда болгону менен анын ылдамдыгы өтө төмөн.

Жакында Интернет берилерин тажик бийлиги 18-мартта жарыялаган. Тоолуу Бадахшан облусунун башчысы Алишер Мирзонабот өкмөт жыйынында маалымат айдыңын таза кармоо максатында аймакта Интернет убактылуу өчүрүлгөнүн айткан.

Аймак жетекчисинин басма сөз катычысы Голиб Ниятбеков мындан ары соцтармактарда өкмөттү, аймак башчысын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилерин негизсиз айыптагандар текшерилерин жана жоопко тартыларын белгиледи.

Жашоочуларды Интернеттин жоктугу, кысымдын күчөшү, ири сандагы аскерлердин топтолушу жана алдыда дагы атайын операция өтүшү мүмкүн деген кептер кооптондуруп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар