19:54
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Түштүк магистралдагы 25 жер тилкеси шаарга кайтарылды

Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча шаардык инспекциясы көчөлөрдүн жана борбор калаанын санитардык абалын жакшыртуу, ошондой эле шаарды мыйзамсыз курулуштардан арылтуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Муниципалитет Түштүк магистралдын боюндагы Бах көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки жер тилкелерин шаарга кайтарып берди.

Буга чейин Ленин райондук прокуратурасы 25 жер тилкесин колдонуу укугун жараксыз деп табуу боюнча доо арыз менен кайрылган. Райондук сот бул чечимди канааттандырарлык деп тапты. Бирок шаардык сот алардын айрымдары боюнча административдик соттун чечимин жокко чыгарган. Иш Жогорку соттун кароосуна жиберилди.

Жогорку сот 25 жер тилкесинин менчик укугун жокко чыгаруу боюнча райондук соттун баштапкы чечимин күчүндө калтырды.

Азыр бул жер тилкелери муниципалдык. Ал эми калган 15 жер тилкеси соттордун кароосунда.

Эң көп окулган жаңылыктар