Нарын облусунун Кочкор районунда мектеп мугалими асынып каза болду. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынан ырасташты.
Маалыматка караганда, 9-март күнү жергиликтүү мектептин мугалими үйүнүн короосунда асынып алган.
«Күйөөсү милицияга кайрылып, аялы асынып алганын айткан. Денесинен күч колдонгондугу боюнча жаракаттар табылган эмес», — дейт ал.