Бишкекте 25-февралдан 3-мартка чейинки аралыкта 6 миң 571 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— мас абалында унаа башкаруу — 59;
— терезесин караңгылатуу — 13;
— айдоочулук күбөлүгү жок 50 айдоочу автоунаа башкарган;
— техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу — 116;
— жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар — 325;
— коопсуздук куруу жок унаа башкаруу — 1 720;
— башка эреже бузуулар — 4288. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 531 автоунаа айып короосуна киргизилди.