04:16
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Парламентке Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунуштама келди

Жогорку Кеңешке Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунуштама түштү. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешов билдирди.

Маалыматка караганда, депутаттар комиссия түзүүгө киришти.

Белгилей кетсек, Адахан Мадумаров Баткен районундагы 275 метр жер боюнча Тажикстан менен түзүлгөн келишим боюнча айыпталууда. Аны Башкы прокуратура Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы деп эсептейт.

Эң көп окулган жаңылыктар