6-7-8-февраль күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Бул күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн −3...-8, күндүз 5...10;
Талас облусунда түнкүсүн −3...-5, күндүз 4...9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн −4...+1, күндүз 6...10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −7...-12, күндүз −1...+4;
Нарын облусунда түнкүсүн −17...-22, күндүз −4...-9;
Бийик тоолордо түнкүсүн −29...-34, күндүз −11...-16 градуска чейин төмөндөйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн −5...-7, күндүз 2...4 градус болот.