USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

ЖК: кыргыз-өзбек чек арасында жабык турган өткөрмө бекеттерди ачуу сунушталды

15:40, 03 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларында жабык турган өткөрмө бекеттерин ачууну сунуштады. Ал буга байланыштуу Жалал-Абад облусундагы эки бекетти айтты.

«Коңшу Өзбекстан Кыргызстан менен абдан жакшы мамиле түзүп келе жатат. Эки эл жакшынакай карым-катнашта болушу үчүн биз аларга шарт түзүп беришибиз керек. Сузак районунда Бек-Абад деген бекет бар. Ошол бекетти Өзбекстан тараптан ачууга даяр. Аксы районунда «Нанай» деген бекетти дагы Өзбекстан тарап ачканга даяр. Биз жактан тоскоолдук болуп жатат, ошол бекеттер ачылбай жатат. 2020-жылы Кыргызстанга чет мамлекеттен 2 миллион 200 миң адам кирген болсо ошонун 68% Өзбекстандан келген. Бекеттер ачылса туризм дагы өнүгөт. Фергана өрөөнүндө 11 миллион калк жашайт», — деди Төрөбаев.

Министрлер кабинети, Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы Чек ара кызматы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилелери 2016-жылдан бери жакшыра баштагандан тартып ал бекеттер кайра ачыла баштаган.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика