Баткенде чек арадагы кырдаалга байланыштуу болжол менен 11 миң 52 жергиликтүү тургун эвакуацияланды.
Алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды. Бул тууралуу, бүгүн 28-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Расмий маалыматка караганда, Баткен районунун Орто-Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен 6 миңдей тургуну Рават айылына эвакуацияланды.
Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргунга, Интернационал айылынын миңдей жараны Кайрагач айылындагы мечитке көчүрүлдү.
Мурза-Патча, Сада, Ак-Арык жана Раззаков айылындагы жергиликтүү жашоочулар Исфана, Сүлүктүгө эвакуацияланды. Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын миңдей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги мечит жана үйлөргө жайгаштырылды.
Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, аларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. ӨКМ убактылуу көчүрүлгөндөр зарыл каражаттар менен камсыз болгонун билдирди.

