05:44
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өттү

Садыр Жапаров Кытайда боло турган иш сапарына байланыштуу жана эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгынан улам аралыктан иштөөгө өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

3-5-февралга белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар