04:31
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мирзиёев менен Рахмон Ооганстандагы кырдаал жөнүндө сүйлөштү

5-июлда Өзбекстандын жана Тажикстандын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүп, Ооганстандагы абалдын Борбор Азия өлкөлөрүнө тийгизе турган таасирин талкуулашты.

Мындан тышкары мамлекет башчылары өзбек-тажик мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, Борбор Азия лидерлеринин туруктуу саммиттерин өткөрүү сыяктуу келечектеги жогорку деңгээлдеги иш-чараларды талкуулашты.

Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен Ооганстандагы өкмөттүк күчтөр менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы кагылышуулар акыркы жумалара күчөдү.

Өткөн жумада АКШ Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жетекчилерине кайрылып, «Талибанга» каршы күрөштө америкалык аскерлерге жардам берген 9 миңге жакын ооган жаранын убактылуу өз аймактарына жайгаштырып туруу тууралуу келишимге кол коюуга чакырган.

Эң көп окулган жаңылыктар