23:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Парламентте Фархат Иминовду Өзбекстанга элчи кылууда мыйзам бузулганы айтылды

Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Венгриядагы элчилигине талапкерлер Фархат Иминов менен Талант Кушчубековго парламенттин Эл аралык комитетинин тогуз мүчөсүнө сурамжылоо жолу аркылуу кол койдуртулду. Бул тууралуу парламент отурумунда депутат Мамасадык Бакиров билдирип чыкты.

«Өткөн дүйшөмбү күнү Кыргызстандын Өзбекстан менен Венгриядагы элчиликке талапкерлер Эл аралык комитеттин күн тартибине киргизилген. Бирок, белгисиз себептер менен комитеттин кароосунан чакыртылып алынган. Бүгүн маалымат келип жатат, сурамжылоо жолу аркылуу комитеттин тогуз мүчөсү кол коюп, ал талапкерге уруксат бериптир. Бул мыйзамсыз нерсе. Көргөзүлгөн талапкер ким, кандай иштер козголгон, кайда качып жүргөн билесиздер. Иминовду Өзбекстанга элчиликке жең ичинен кол топтоп өткөрүптүр», — деди ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Эл аралык комитети 13-декабрда Кыргызстандын Өзбекстан менен Венгриядагы элчи кызматына сунушталган талапкерлерди кароону күн тартибинен алып салган. Комитеттин айрым мүчөлөрү бул маселени Жогорку Кеңештин жаңы курамы карай турганын билдирген.

Фархат Иминов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал 2015-жылы «Республика — Ата-Журт» партиясынын тизмеси менен депутат болуп келип, 2018-жылы мандатын тапшырган.

Эң көп окулган жаңылыктар