12:07
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Чек арадагы айылдарга мал жана мүлкүнө сак болуу боюнча түшүндүрүү жүргүзүлдү

Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Сада айылында жоголгон мал изделүүдө. Бул тууралуу
Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Аларга мал сарайларды кечинде бекитүүгө, кулпуларды салууга, мал камаган жайларды түнкүсүн жарыктандырууга, талаа-түзгө малдарды кароосуз айдабоо сунушталды. Андан сырткары, Таджикстан тарапка убактынча өтпөй туруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
 
Ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө, Сада айылында жыл башынан бери 3 мал уурулук факты катталып, бети ачылган эмес.
Эң көп окулган жаңылыктар