Согд облусунун Тоолуу-Матчин районунда көмүр уурдоо айыбы менен кармалган алты тургундун жакындары алардын тагдырына кабатыр болуп жатышканын билдирүүдө.
Шектүүлөрдүн туугандарынын айтымында, облустук ички иштер башкармалыгы бир айдан ашык убакыттан бери камактагы жакындары менен көрүшүүгө уруксат бербей келет.
«Аларды Хожент шаарына алып кетишкен. Ошондон бери алар менен тергөө абагында жолугушуубузга уруксат берүүнү өтүнүп жатабыз, бирок түрдүү себептер менен баш тартып келатышат. Биз көмүр уурдалды деген жерге барып, шектүү жарандар кампанын кароолчусунан 300 килограммдан 11 тоннага чейин көмүр сатып алышканын аныктап чыктык. Кароолчу бир нече жумадан бери дайынсыз болуп жатыптыр. Эмне болуп жатканын түшүнбөй турабыз. 48 тонна көмүр кантип жана кайсыл жерден уурдалганы кызык болууда», — деди Бузургхожи Максудов аттуу шектүүнүн агасы Мустафохужа Максудов.
Укук коргоо органдары быйыл 3-ноябрда аталган райондогу «Иван-тажик» жамаатынын алты тургунун «Кудрат 2010» компаниясынын кампасынан көмүр уурдаган деген шек менен кармашкан. Туугандары аларга жалаа жабылганын айтып, күнөөлөрү жок экенин билдиришүүдө.
Шектүүлөрдүн бири райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгында иштегендиктен, бул ишти Аскердик прокуратура иликтеп жатат.
Маалыматка караганда, шектүүлөрдүн жаш курагы 25-34 жашты түзөт. Тергөөнүн эсеби боюнча алар аталган көмүр компаниясына 28 миң сомони өлчөмүндө зыян келтиришкен.
Тоолуу-Матчин райондук ички иштер башкармалыгынан жергиликтүү алты тургун «Кудрат 2010» компаниясынын жетекчилигинин арызынын негизинде кармалганын билдиришкен. Компания өкүлдөрү бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Ошондой эле азырынча кампаниянын кампасынан 48 тонна көмүр кандай жол менен уурдалганы боюнча так маалымат жок.
«Кудрат 2010» компаниясы Тоолуу-Матчин районундагы «Гузн» көмүр кенинде беш жыл мурда иштей баштаган. «Озоди» радиосу өз булактарына таянып кабарлаганына караганда, компания өлкө президентинин үй-бүлө мүчөлөрүнө