20:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажик-өзбек чек арасын минадан тазалоо иштери башталды

Тажикстандын бийлиги Өзбекстан менен биргеликте эки өлкө чек арасындагы мина коюлган аймактарды тазалоо иштери башталганын билдирди.

Маалыматка караганда, минадан Өзбекстандын Самарканд облусу менен чектешкен Согди облусунун Пенжикент районунун аймагы тазаланууда.

«Эң башкысы миналар коюлган аймактарды тазалоо операциясы башталды. Күн мурун эки өлкө өкмөттөрүнүн биргелешкен тобу Ташкент тарабынан берилген мина коюлган аймактардын картасы менен таанышып чыгышты», — деп билдирди Тажикстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Мухаммаджон Улугхожаев.

Тажик-өзбек чек арасын минадан тазалоо иштери башталганын 6-октябрда Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Худойберди Холикназар дагы билдирген. «Тазалоо иштери башталды. Жакында чек арага жакын жашаган тургундар мина коркунучун биротоло унутушат», — деген ал.

Ал ортодо эки өлкөнүн чек ара аймактарынын кайсыл бөлүктөрүнө жана канча аянтына мина коюлганы жашыруун бойдон калууда. Бейрасмий маалыматтарга караганда, тажик-өзбек чек арасындагы мина коюлган жерлердин жалпы аянты 9,5 чарчы чакырымды түзөт.

Быйыл мартта Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга жасаган алгачкы мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн башчылары 2019-жылдын соңуна чейин чек араны минадан тазалоо иштерин аяктоо тууралуу макулдашкан.

Өзбекстан Тажикстан менен болгон чек арасынын тоолуу аймактарына өткөн кылымдын 90-жылдарында миналарды койгон. Анда расмий Ташкент бул аракетин өз аймагына Өзбекстан ислам кыймылынын жоочуларынын кирип келишинен коргонуу чарасы менен түшүндүргөн. Тажикстандын Улуттук мина борборунун маалыматы боюнча акыркы жыйырма жылдын ичинде миналардын жарылуусунан 800дөн ашык тажикстандык мерт болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар