05:17
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Депутат Баткендеги мунай зат жана газ кендерине көңүл бурууга чакырды

Баткен облусундагы мунай кендери тууралуу интернетте жарыяланып жаткан маалыматтарга көңүл бөлүү зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Улукбек Садиков билдирди.

Анын айтымында, маалыматтарды текшерип, облустагы кен жайларын карап чыгуу керек.

«Күйүүчү-майлоочу каражаттар кымбаттап жатканда, ушул маселеге көңүл бурушубуз керек. Ал тургай депутаттык комиссия түзүп, мунай кендеринин көрүү менен жеринде таанышуубуз кажет», — деди ал.

Ошондой эле депутат Нурбек Исмаилов Чаткал районундагы Чапай айылында мектептин жоктугунан 200дөй окуучу башка айылдарга барып окууга мажбур экенин белгилеп, аталган курулушту кийинки жылдын бюджетине киргизүү керектигин кошумчалады.

Ал эми депутат Канатбек Ахмедов Баткен облусунда көмүр өтө кымбаттап кеткенин маалымдап: «Экспортко каршы эмеспиз, сыртка да сатуу керек. Бирок жергиликтүү элди камсыздагандан кийин, кара отунду коңшуларыбызга жөнөтсөк жакшы болмок», — деди.

Эң көп окулган жаңылыктар