13:07
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Ак-Өргө жаңы конушунда шагыл төгүү иштери жүрүүдө — Бишкек мэриясы

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртууну улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Ак-Өргө конушунун Камбаркан, Бекет, Аймончок көчөлөрүнө шагыл төгүүнү уланып жатат. Жалпы узундугу 830 метрди түзөт.

«Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жарыялаган сынагынын жыйынтыгында «Альянс Проект» курулуш компаниясы подрядчы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, ишти 2021-жылдын декабрынын аягында бүтүрүү пландалууда.

Бишкек мэриясы ар дайым жардам берүүгө жана суроолорго жооп берүүгө даяр. Ошондой эле Facebook, Instagram, Twitter жана Telegram социалдык тармактарындагы расмий аккаунтуна жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолорду берүүгө болот. Ошондой эле, бардык маалыматтар Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында ыкчам жайгаштырылат: www.meria.kg

Шаар тургундарынын кайрылууларын 1840, 1850, 0 (312) 591802 номурлары аркылуу кабыл алабыз жана фото жана видео фактыларды Бишкек шаарынын мэриясынын башкы WhatsApp каналына: 0554182185 жөнөтүңүздөр.

Эң көп окулган жаңылыктар