09:39
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаровт депутаттардын айлыгын кыскарткан жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 2-декабрда кабарлады.

Жарлыкка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдар азайтылып, парламентарийлердин кызматтык оклады төмөндөтүлдү.

Жогорку Кеңештин төрагасынын айлыгы 30 миң сом, вице-спикерлердики 27 миң сом, парламенттик фракциялардын лидерлериники жана комитеттердин төрагаларыныкы 26 миң сом, депутаттардыкы 25 миң сом деп белгиленди. Айрым депутаттар эл өкүлдөрүнүн кызматтык оклады буга чейин эле 25 миң сом болгонун билдиришти.

Буга кызматтык сапарларга, кагаз жана башка чыгымдарга делген каражат кирер-кирбеси, буга чейин айлыктар канча сом болгону ачык айтылган жок.

Маалыматта Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келгени кабарланды. Бул жарлык менен компенсациялар жана кызматтык автоунаалар алынып салынды. Ал эми колдо бар кызматтык батирлер турак жайы жок депутаттарга бөлүштүрүлөт.