14:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Ноябрь айында дизель майы 2,24 сомго өстү

Ноябрдын үч аптасында дизель майы 2,24 сомго өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

31-октябрда дизель майы 52,02 сом турса, азыр 54,26 сомду түздү.

Аи-95 1,21 сомго кымбаттап, учурда 62,83 сомдон сатылууда. Аи-92 1,06 сомго кымбаттап, 58,15 сомдон сатылууда.

Жыл башынан бери дизель майы 17,7 сомдон 22,4 сомго чейин, же 63,3 пайызга өстү.

Министлер кабинети учурда күйүүчү майга мамлекеттик көзөмөл киргизүүнү сунуштоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар