00:51
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Өлкө картасы туура эмес түшүрүлгөн окуу китептери текшерилет

Билим берүү министрлиги колдонуудагы окуу китептеринде жайгаштырылган Кыргызстандын картасына кайрадан экспертиза жүргүзөт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Алардын маалыматында, ушул тапта Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу «Мамлекеттик картография» геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси менен биргеликте кетирилген кемчиликтерди жоюу жана түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, «Мекен таануу» предмети боюнча 3-класс үчүн жумушчу дептердеги Баткен облусунун аймагы так эмес берилген.

Министрликтин маалыматында, аталганокуу китеби 2014-жылы курамына Бухова Е.А., Солошенко О.В., Шаповалова Е.П. кирген автордук жамаат тарабынан «Аркус» басмасы" ЖЧК менен биргеликте иштелип чыккан.

«Аркус» басмасы" ЖЧКнын сүрөтчүсү жана дизайнери окуу китебинин текстин жасалгалоодо төмөнкү булактан алынган сүрөттү пайдаланышкан: https://ru.depositphotos.com/vector-images/карта-кыргызстана.html

Эң көп окулган жаңылыктар