09:09
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков Япониянын жаңы өкмөт башчысына куттуктоо жөнөттү

Президент Сооронбай Жээнбеков Ёсихидэ Суганы Япониянын премьер-министр кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Өлкө башчысы Кыргызстанга ар дайым колдоо, достук мамиле көрсөтүп келген Япония мамлекетине терең ыраазылык билдирди.

«Биргелешкен иш-аракеттердин натыйжасында эки мамлекеттин ортосундагы салттуу достук жана өнөктөштүк мамилелер мындан ары дагы Сиздин жеке колдооңуз менен ийгиликтүү өнүгө берет деп абдан ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Ёсихидэ Сугага чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишине албан ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Япония элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Буга чейинки өкмөт башчы, 65 жаштагы Синзо Абэ өнөкөт ичеги оорусу күч алгандан улам кызматтан кетерин 28-августта жарыялаган жана саламаттыгына байланыштуу иш милдеттерин аткара албай калганы үчүн элинен кечирим сураган. Ал жапон тарыхында премьер-министрдин кызматында эң көп убакыт отурган адам болуп калды.

Эң көп окулган жаңылыктар