Өзбекстанда акыркы эки жылдан бери кышкысын байкалып жаткан энергетикалык каатчылык быйыл да уланышы мүмкүн. Жергиликтүү тургундардын айтымында, президенттик шайлоодон кийин өлкө аймактарында кайрадан электр энергиясы өчүрүлө баштады.
— Шайлоого чейин баары жакшы болчу. Азыр тургундарга суткасына 10-12 гана саат электр жарыгы берилип жатат. Газ таптакыр жок. Үйдү пахтанын сабактарын жагып жылытып жатабыз. Азыр бир унаа пахтанын сабагы 1,5 миллион сумдан (150 доллар) сатылууда. Азырынча дагы сатып алууга акчабыз жок. Көмүр алууга да мүмкүнчүлүк жок«, — деди өзүн Дилором деп тааныштырган Сурхандарыя облусундагы Ангорск районунун тургуну.
Өзбекстандын Энергетика министрлигинин өкүлү өлкөдөгү энергетикалык абал «Каримовдун тушундагыга салыштырмалуу кыйла жакшырып калганын» билдирүүдө.
Анткен менен Өзбекстандын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федерациясынын өкүлү министрликтин бул билдирүүсүн «нонсенс» деп атады. Анын айтымында, учурда федерация өлкөдөгү энергетикалык каатчылык тууралуу атайын баяндама даярдап жатат жана ал жакынкы күндөрү басылмаларга жарыяланат.
Расмий маалыматтарга ылайык, быйыл тогуз айдын ичинде федерацияга жарандардан 8686 даттануу келип түшкөн. Алардын 1188и (13,7%) газ, 915и (10,5%) электр энергиясы жана 437си (5%) суу берүүдөгү мүчүлүштүктөргө байланыштуу болгон.
Өткөн кышта өлкөнүн көптөгөн аймактарында, анын ичинде баш калаа Ташкент шаарында да газ берүү убактылуу токтотулган. Буга байланыштуу бир нече шаарда нааразылык акциялар өткөн. Декабрдын ортосунда президент Шавкат Мирзиёев жыл сайын өлкө казынасына 2 миллиард доллардан ашык каражат алып келген газ экспортун токтотуу буйругун берген.