Бишкек-Дели-Бишкек багыты боюнча алгачкы каттам 19-ноябрда учуп келди. «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, каттамды жаңы атамекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Airbus А320 учагы менен ишке ашырды.
Авиакомпания Бишкек-Дели-Бишкек каттамын жума сайын ишке ашырууну пландоодо.
2021-жылдын 5-ноябрында «Аэро Номад Эйрлайнс» Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинен туруктуу жана чартердик каттамдар менен жүргүнчүлөрдү ташууга укук алган.