07:36
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте дем алыш күндөрү жарманке өтөт

Бишкектин борборунда жыл аягына чейин дем алыш күндөрү айыл-чарба азыктарынын жарманкеси өтүп турат. Бул тууралуу Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Анын маалыматына караганда, жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.

«Жарманкеде сиз айыл-чарба жана тамак-аш өнөр-жай өнүмдөрүн (жумуртка, эт, сүт азыктары, жашылча жана башкалар) ортомчуларсыз өндүрүүчүлөрдүн баасы боюнча сатып ала аласыз», — деп айтылат маалыматта

Ошондой эле ведомство жарманкеге айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жана тамак-аш өнөр жай ишканаларын катышууга чакырат.

Төмөндө кызматташуу үчүн телефон номерлер келтирилет: 0707 702 703, 0771 949 499.

Эң көп окулган жаңылыктар