Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан "Багыт" партиясы "Ата-Журт Кыргызстан" партиясына даттанып Боршайкомго кайрылды. Бул тууралуу мекемеден билдирди.
Маалыматка караганда, «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесиндеги талапкер Гүлшаркан Култаева добуш сатып алууда. Арызда талапкердин Жалал-Абад облусунун Аксы айылында кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, спорттук жабдууларды берип жатканы айтылат.
Парламентке шайлоо 28-ноябрда өтөт.