00:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкектин айрым райондорунда газ жана жылуулук өчүрүлөт

Осмонкул жана Древесный көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы газ түтүктөрүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Буга байланыштуу «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 2021-жылдын 19-ноябрына чейин жылуулук жана ысык сууну жабууга мажбур.

«Красный строитель» конушунун Дачный № 23 көчөсүндөгү дарек боюнча жайгашкан № 21 мектеп-интернат отканасы өчүрүлөт.

Жеринде «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын оңдоо бригадасы жана бардык керектүү техникалары иш алып барууда.

Эң көп окулган жаңылыктар