04:04
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чолпон Орозбекова БУУнун ар улуттагы ийгиликтүү адамдар тууралуу китебине кирди

Кыргыз журналисти Чолпон Орозобекованын өмүр таржымалы БУУнун мааракесине арналган «Эл аралык Женевадагы 126 жүрөктүн кагышы» китебине кирди. Китеп Женевада англис жана француз тилдеринде басылып чыкты.

«Эл аралык Женевадагы 126 жүрөктүн кагышы»  Бириккен Улуттар уюмунун мааракесине арнап чыгарылып, ар улуттагы ийгиликтүү адамдардын өмүр таржымалын камтыйт.  Анда Кыргызстандын атынан Булан институтунун директору Чолпон Орозобекованын өмүр таржымалы баяндалат. 

«Бул китепке кирген адамдар биздин дүйнөнү өзгөртүп, ар бири өзү билген жол менен жакшыртып атат» , - деп айтылат китептин баш сөзүндө.

Китеп БУУнун алгачкы фундаменти төптөлүшүнүн 100 жылдыгына арналат. Анда көбүнчө Женевада адам укугу, коопсуздук, тынчтыкты сактоо жана гуманитардык багытта иш алып барып, өздөрүн түптөп, өз идеясы менен жеке долбоор ишке ашырып аткандар адистер кирген. 

Мурдагы журналист Чолпон Орозобекова Булан институтун үч жылдан бери жетектейт. Ага чейин Женевадан Эл аралык коопсуздук жана Саясат таануу боюнча магистратураларды аяктап, бир нече эл аралык уюмдарда иштеген. Учурда Булан институтунун Женевада офиси бар жана алты кызматкер эмгектенет. Андан сырткары ар кайсы өлкөлөрдө изилдөөчүлөр жана эксперттер түйүнү бар. Булан институту изилдөө институту катары терроризм, диний экстремизм жана адам укугу багытында изилдөөлөрүн англис тилинде жарыялап келатат.

Эң көп окулган жаңылыктар