Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Россиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.
2-ноябрда Россиянын полиция кызматкерлеринин белгисиз жаранга карата күч колдонуп жаткандыгы тууралуу видео социалдык түйүндөрдө тараган.
Элчилик окуяны объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында Россиянын ИИМнин Москва шаарынын Хорошевский районундагы полиция кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү өтүнүчү айтылды.