Жаманбаев көчөсү № 8,1, 8/2 дарегиндеги кайрадан орнотулган жер алдындагы газ өткөргүчтү кесүүгө байланыштуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы жаратылыш газын берүүнү токтотот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Буга байланыштуу, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 2021-жылдын 1-5-ноябрына чейин жылуулук жана ысык суу берүүнү токтотууга мажбур болууда.
Жылуулук энергиясы төмөнкү даректерде өчүрүлөт:
- Гагарин көчөсү, Төмөнкү Джал кичи району.
Жеринде оңдоо биргадасы жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын бардык керектүү техникалары менен иш алып барууда.