16:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тамакка уулангандар 179га жетти, баарынын абалы туруктуу

Бишкекте жана Чүйдө тамакка ууланып ооруканага түшкөндөрдүн баарынын абалы 26-октябрга карата туруктуу деп бааланып жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 26-октябрдын саат 11:00нө карата эки күндөн бери медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 179га жетти, алардын 18и балдар.

50 бейтап ооруканада жатат, калгандары үйүнөн дарыланууда.

Уулангандар 23-октябрда «Империя пиццы» кафесинен тамак алып жегендер экени аныкталды. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы иликтөө жүрүп жаткан учурунда кафени убактылуу жапты.

Эң көп окулган жаңылыктар