16:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Эрдоган Түркиядан 10 өлкөнүн элчилерин чыгарууну буюрду

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдөн батыштын 10 мамлекетинин элчилерин чыгаруу боюнча Тышкы иштер министрлигине буйрук берди. Алардын ичинде АКШ, Германия жана Франция дагы бар. Бул тууралуу Daily Sabah гезити жазды.

Мындай кадам элчилер мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга шектелген филантроп Осман Каваланы бошотууга чакырык таштаганы үчүн жасалган.

Стамбулдун прокуратурасы аны 2016-жылы июлда Түркияда көтөрүлүш уюштурууга аракет кылган деп айыптап, камакка алган.

Кавалага айып 2013-жылы Стамбулдагы массалык нааразылык акцияларынан кийин өкмөттү кулатууга аракет кылган деген кылмыш иши боюнча акталгандан кийин дароо коюлган. Буга чейин Каваланы бошотууга АКШ, Германия, Франция, Нидерланддар, Канада, Жаңы Зеландия, Дания, Норвегия, Финляндия жана Швециянын элчиликтери чакырышкан.

Түркия — НАТОнун мүчөсү жана Евро шаркетке кирүүгө талапкер. Бирок ага карабастан аталган мамлекеттердин элчилери персона нон-грата болуп жарыяланат. Бейшемби күнү Эрдоган элчилер Анкарада туруп алып акыл үйрөткөнгө укугу жок экенин билдирди. «Силер кимсиңер?» — деп суроо салган ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума