Бишкектин мэриясы муниципалдык системада иштеген кызматкерлердин коррупциялык аракеттери тууралуу маалымат берүүнү суранат.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей. Коопсуздук кеңеши менен биргеликте коррупциялык тобокелчилик көрүнүштөрүнүн тизмеси иштелип чыккан жана бекиткен. Учурда Коопсуздук кеңешинин эксперттик тобу Муниципалдык менчик башкармалыгында жана Жер ресурстары башкармалыгындагы коррупциялык тобокелдиктерге жана схемаларга анализ жүргүзүштү. Жыйынтыгында коррупциялык тобокелдиктерди алуу боюнча деталдуу план иштелип чыккан.
Ошондой эле, азыр айрым муниципалдык ишканаларда аудиттик текшерүү жүргүзүлүүдө. Жыйынтыктары боюнча сөзсүз маалымат берилет. Жакын арада башка структуралык бөлүмдөрдө да ушундай текшерүүлөр жүргүзүлөт. Мындан тышкары, коррупциялык тобокелдиктерге мониторинг жана анализ уланууда.
Эгерде сиз коррупциялык фактыларга күбө болсоңуз, муниципалитеттин кол-борборуна фото жана видео фактыларды жөнөтүүнү суранабыз: 0554 182-185 же 1840 жана 1850 номурларына чалыңыз.