13:31
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өзбекстан Баткенге эки мектеп куруп берет

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Өзбекстан  жалпы билим берүү мектептерин куруу жѳнүндѳгү макулдашуунун долбоорун жактырды.

Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматына караганда, эки тараптуу келишим долбооруна ылайык, Баткен облусундагы чек ара аймактарындагы Баткен жана Лейлек райондорунда эки мектептин жаңы имараттары курулмакчы. Имараттардын курулушуна каражат өзбек тарабынан бөлүнөт, ал эми аларды инфраструктураларга кошуу иштери кыргыз тарабынан жүргүзүлөт.

Андан тышкары, Лейлек району имараттын курулушу үчүн 1,75 га жер, ал эми Баткен району 30 сотых жер бөлүп бере турганы белгилүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар