22:18
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекте 16-17-октябрь күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 16-17-октябрь күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Жарманке Октябрь районунда 12-кичи районундагы А.Токомбаев менен Н.Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишинде уюштурулат. Ал эми Биринчи Май районунда жарманке И.Раззаков көчөсүнүн боюнда, Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлөт.

Жарманкеде азык-түлүккө коюлган баалар:

— ундун килограммы 22 сомдон;
— кумшекер 64 сомдон;
— күрүч 55 сомдон;
— тазаланган күн карама майы 131 сомдон;
— эт (уй эти) 440 сомдон;
— канаттуулардын эти 170 сомдон;
— картошка 24 сомдон;
— сабиз 25 сомдон;
— пияз 14 сомдон;
— ак капуста 28 сомдон;
— помидор 30 сомдон;
— бадыраң 30 сомдон;
— сарымсак 180 сомдон;
— алма 30 сомдон;
— тооктун жумурткасы 10 даана 70 сомдон.

Эң көп окулган жаңылыктар