15:57
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкектеги айыл-чарба жарманкелери өз ишин жандантат

16 жана 17-октябрда саат 9:00дөн баштап азык -түлүк сатуу боюнча салттуу күзгү айыл-чарба жарманкелери өз ишин баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлайт.

Жарманке шаардын эки районунда өткөрүлөт:

  • Октябрь районунда 12-кичи районундагы А.Токомбаев менен Н.Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Биринчи май районунда жарманке И.Раззаков көчөсүнүн боюнда, Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлөт.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, азык-түлүк төмөнкү сунушталган баада сунушталат:

  • ундун килограммы 22 сомдон;
  • кумшекер 64 сомдон;
  • күрүч 55 сомдон;
  • тазаланган күн карама майы 131 сомдон;
  • эт (уй эти) 440 сомдон;
  • канаттуулардын эти 170 сомдон;
  • картошка 24 сомдон;
  • сабиз 25 сомдон;
  • пияз 14 сомдон;
  • ак капуста 28 сомдон;
  • помидор 30 сомдон;
  • бадыраң 30 сомдон;
  • сарымсак 180 сомдон;
  • алма 30 сомдон;
  • тооктун жумурткасы 10 даана 70 сомдон.
Эң көп окулган жаңылыктар